• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде 19 жылдан бери салынып жаткан поликлиниканын курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 6.08.19. /Кабар/. Баткен шаарынын борборунда 2000-жылдан бери салынып жаткан поликлиника бүткөндүгүн шаардын мэри Мамыржан Рахимов билдирди.

Анын айтымында, 2000-жылы поликлиниканын фундаменти куюлуп, каркасы тургузулган. Андан кийин каражаттын жоктугунан иш токтоп калган.

"Ошондон бери курулуш токтоп калган. 2015-жылы республикалык бюджеттен 153 миллион сом бөлүнгөн. Ушул жылы курулуш иштери толук түрдө аяктады. Оорукананы 1-сентябрда колдонууга берүүнү пландап жатабыз", - деп билдирди шаардын мэри.

Баткен облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Арзыбек Бөрүбеков билдиргендей, эски имарат дарыгерлер, ошол эле учурда жергиликтүү тургундарга бир нече көйгөйлөрдү жаратып келген. Жаңы салынган поликлиникада бир катар маселелерди чечүүгө болоорун айтат.

"Эски имарат медициналык талаптарга жооп бербейт эле. Тактап айтканда, заманбап жабдыктардын жоктугу, санитардык абалдын начардыгы, суу жана канализация жок болчу. Кабинеттердин аздыгынан кээ бир дарыгерлер чогуу бир кабинетте бейтаптарды кабыл алчу", - дейт Бөрүбеков.

Жаңы салынган поликлиника бир күндө 250дөн ашык бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк берээрин Бөрүбеков кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий