• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулду

Билим 0

Бишкек, 20.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, облустун 53 билим берүү мекемесинин базасында эвакуация пункттары уюштурулган.

“Башкача айтканда, Баткен шаарында жана Баткен облусунда окуу процесси азырынча жандана элек. Лейлек районунда 45 мектеп, 23 бала бакчада окуу процесси кадимкидей жүрүп жатат. Ал эми 21 мектеп жана 40 бала бакчада окуу процесси жандана элек. Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында окуу процесси бардык билим берүү уюмдарында жүргүзүлүүдө. Сүлүктү шаарында 7 мектептин ичинен бирөөндө гана мектеп окуу процессин баштай элек”, - деди ал.

Жусупбекова маалымдагандай, Баткен облусундагы 11 кесиптик лицейдин ичинен эки лицейде окуу процесси убактылуу токтотулду.

“Ал эми Баткен шаары менен Баткен районундагы колледж жана жогорку окуу жайлардын башкаларында окуу процесси уланууда. Ош облусунун Чоң-Алай районунда 11 билим берүү уюмунда (5 мектеп, 5 бала бакча) билим берүү процесси убактылуу токтоп турат. Сабактар 12 мектепте жана 18 бала бакчада жүргүзүлүүдɵ”, - дейт министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий