• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткенде 20 тонна аткезчилик тоок эти аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.18. /Кабар/. Баткен облусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкаруу кызматкерлери жана Мамлекеттик бажы кызматы Баткенде аткезчилик жол аркылуу алынып келинген этти аныкташкан. Бул тууралуу КР МБКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын текшерүү иштеринин алкагында 2018-жылдын 29-сентябрында болжол менен саат 11:30дар чамасында Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз жол аркылуу кесип өткөн оор жүк ташуучу унаа токтотулган.

Жүк ташуучу унааны текшерүү маалында жалпы салмагы 20 тонна болгон тоок эти аныкталган. Мыйзамсыз жол аркылуу алынып келинген товардын болжолдуу баасы 4 млн. 800 миң сомду түзгөн.

Учурда тергөөгө чейинки иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий