• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 200 орундуу оорукана пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Күн мурун, 22-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, оорукана Өзбек Республикасынын колдоосу менен курулган.

Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров катышып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана жалпы өзбек элине Баткен элинин атынан ыраазычылык айтып, бул саамалык кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан кошуналык, жакын мамилесин дагы бир ирет бекемдегенин белгиледи.

Ал эми Өзбек Республикасынан саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Амрилла Иноятов баштаган делегация келип, оорукананы Баткен элине салтанаттуу тапшырышты.

Оорукананын ачылуу аземине КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматкерлери да катышып, кооптуу илдет менен күрөшүүдө түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий