• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 22 жаштагы жигит 13 жашар кызды зордуктоого аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Баткен облусунда 22 жаштагы жигит өзүнүн 13 жашар сүйлөшүп жүргөн кызын зордуктоого аракет кылган.

Аталган аймактын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 14нөн 15-октябрьга караган түнү Таш-Коргон айылынын Масалиев көчөсүндө Кызыл-Кыя шаарынын тургуну жашы жете элек 2005-жылкы М.К., аттуу кызды зордуктады деген билдирүү келип түшкөн.

Кылмыш болгон жерге ИИБдин ыкчам тобу барып, 15-октябрда болжол менен түнкү саат 1:00дөр чамасында 1996-жылкы А.М., аттуу жаран кызды үйүнө алып барып, ал менен жыныстык катнашка баргандыгын аныкташкан.

Милиция кызматкерлери окуяга шектүү баланы ыкчам түрдө кармап, тергөө тобуна өткөрүп берген.

Тергөөнүн жүрүшүндө кыз менен жигит сүйлөшүп жүргөндүгү такталган. Кызга карата соттук – медициналык, биологиялык жана башка экспертизалар дайындалган.

Анын жыйынтыгында кыз зордукталбагандыгы жана эч кандай жарат албагандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) менен кылмыш иш козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий