• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде 23 жаштагы жигиттин колу-бети күйгөн. Сутка ичинде катталган өрт кырсыктары

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 26 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Сухой-Сай тилкесинде жайгашкан унааны оңдоо жайында жеңил унаанын багаж бөлүгү күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 23 жаштагы жигиттин колу-бетинен күйүк алган. Абалы туруктуу. Өрттүн себеби электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Чүй облусунун Сокулук районунун Совет көчөсүндөгү №5 дарегиндеги аянтты 60 чарчы метр болгон гараж толугу менен күйгөн.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ак-Тилек базарында жайгашкан “Амина чайханасында” газ баллон күйгөн. Ошол эле Каракол шаарынын Коенкозов көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда “Мерседес Сапог” жүк ташуучу унаасы толугу менен күйгөн.

Ал эми Лейлек районунун Өсөров көчөсүндө “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү жеңил унаасы толугу менен күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий