• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде дээрлик 250 миң сомдук аткезчилик товар кармалды

Коом 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Баткен облусунда дээрлик 250 миң сомдук аткезчилик товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан Кадамжай шаарынын аймагындагы бажы эрежелерин бузуу фактыларына жана контрабандага бөгөт коюга жана аныктоого багытталган пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө А.Б.Т.у. аттуу КР жарынын башкаруусундагы «ДЭУ-Дамас» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Белгиленгендей, текшерүү учурунда унаадан коштоочу документтери жок түрмөктөлгөн марли табылган.

Жүктүн жалпы салмагы 310 кг, баасы 247 миң сомду түзгөн. Бул факты боюнча айып салынып, 60 миң сом өндүрүлгөн, 30 миң 258 сом зыяндын орду толтурулган.

Пикир

Оставить комментарий