• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде 28 миңге жакын адам катышкан облустук ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.18 /Кабар/. Кечээ, 17-мартта Баткен облусунун аймагында жалпы облустук ишембилик болуп өттү.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу максатында жана Баткен облусунун аймагында “Таза жашоо” ураанын алдында Көрктөндүрүүнүн жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлдүн атайын буйругу чыгып, Буйруктун негизинде облустук штабдын курамы бекитилген. Облустун аймагындагы район, шаарлардын жана калк жашаган элдүү пункттардын айлана-чөйрөсүн тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин үч айлыгы жарыяланган.

Маалымдалгандай, 2018-жылдын 17-мартында облус боюнча ишембиликке 683 ишканадан жалпы 27 544 адам катышып төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • Парктар, скверлер жана бакчалар ондоп түзөө сырдоо иштери 10 обьектте аткарылды.
  • Бүгүнкү күнгө көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча 19 км 200 метрге жарыктар орнотулду,
  • Жалпы региондо 201345 даана дарак, анын 175622 даанасы мөмөлүү дарак болсо, 25723 ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.
  • Ал эми облустун аймагындагы токой чарба комитетинин балансында 183 миң дарак көчүрүп отургузууга даяр. Бул дарактарды жер-жерлерге отургузуу иштер мындан ары да жүрөт.
  • Бүгүнкү күнгө карата 48 км 101 метр жолдо жана тротуарларда ондоп түзөө, тазалоо иштери аткарылды.
  • Административдик мекеме ишканалардын 332 имарат актоо сырдоо калыбына келтирүү иштерин аткарган болсо, жеке менчик үйлөр оңдоп түзөө иштерин аткарып жатат.
  • 1630 метр штакетниктер орнотулду.
  • Жалпы област боюнча 948 тонна 750 кг таштанды чыгарылды.
  • 500 км 481 метр ички каналдар жана чарбалар аралык канал, арыктарды ондоп түзөө жана тазалоо иштери аткарылды.

Баткен облустун аймагындагы жалгыз бой карыяларга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүн актоо сырдоо калыбына келтирүү иштерин көмөк жергиликтүү бийлик элет тургундары менен көмөктөшүүдө.

Белгилей кетсек, жалпысынан облус боюнча 10 күн аралыгында 6 млн 123 миң 175 сомдук жумуш аткарылды.

Ошондой эле, архитектуралык башкы пландын негизинде турак үйлөрдүн, көчө боюндагы жана мекеме ишканалардын айланасындагы курулуштардын мыйзамдуулугу текшерилип, шаар көчөлөрүн иретке келтирүү жумуштары ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, жол эрежелерин сактоо боюнча көрсөтүүчү белгилерди орнотуу, жолдун эл өтүүчү жайларында белги сызыктарын боёп, жаңылоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий