• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде 29 мугалимдин үйү өрттөнүп, 10у тонолгон — Жусупбекова

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткенде чек ара окуясынан 29 мугалимдин үйү толугу менен өрттөлгөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, 10 мугалимдин үйү тонолсо, үчөөнүкү жабыркаган.

“Анын ичинен Баткен районунда мугалимдердин 7 үйү күйгөн, үчөө аткылоо учурунда жабыркаган. Лейлек районунда 22 үй күйүп, 10у тонолгон”, - дейт ал.

Жусупбекова билим берүү тармагынын кызматкерлери Баткен облусуна жардам көрсөтүп жатканын кошумчалап кетти.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 соцобъект жана 5 башка мамлекеттик имарат күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Пикир

Оставить комментарий