• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде 3,5 тоннага жакын аткезчилик аммиак селитрасы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Баткенде 3,5 тоннага жакын аткезчилик аммиак селитрасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 17-мартта Раззаков шаарынын унаа жолунда Лейлек районунун 24 жаштагы М.у.А. аттуу тургунунун башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда унаадан жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын 70 кап аммиак селитрасы табылган. Айдоочунун жанында тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес. Унаа жана жүк “Орто Боз” чек ара заставасынын аймагына жайгаштырылды.

Учурда тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий