• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде 30 турак үйдү жана 300 метр ички жолду сел сууларынан коргоо чарасы көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.05.22 /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы быйылкы жылга карата аткарылуучу “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш план графигин жүзөгө ашырууда.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ӨКМ техникалары тартылып, Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылында турак үйлөрдү сел сууларынан сактоо чараларын көрүүдө.

Натыйжада сел жүрүүчү сайдын 1000 метр аралыгында механикалык тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, 30 турак үй, 300 м ички жол, 3 га огород коргоого алынат.

Пикир

Оставить комментарий