• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде 4 негизги санитардык-карантиндик посту жана 18 ички санитардык көзөмөл пункттары түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Баткен облусунда коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча 4 негизги санитардык-карантиндик посту жана 18 ички санитардык көзөмөл пункттары түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

  • Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында унаа жолунда;
  • Баткен районунун Жаны-Бак айылындагы унаа жолунда;
  • Баткен шаарында Төрт-Күл суу сактагычына жакын унаа жолунда;
  • Лейлек районунун Кара-Суу айылында унаа жолдо.

Бул негизги санитардык карантиндик посттордо ички иштер органдарынын, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын, ӨКМнин, ветеринардык лабороториянын, санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын, дагы башка кызматтын өкүлдөрү нөөмөттө турууда.

Ал эми ички санитардык көзөмөл пункттары: Кызыл-Кыя шаарындагы Кара-Козу айылында, Караван айылында. Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында, Марказ айылында Кадамжайш.(Азиретали) участкасында, Айдеркен (Чечме) айылында Ак-Турпак а/а Жаңы-Жер а.(Бүргөндү). Лейлек районундагы Мурза-Патча айылы, Кайрагач айылы, Интернационал айылы. Эски-оочу, Дархум Достук Жаштык айылдары, Ак кум посту, Ленин айылында. Сүлүктү шаарынын Кызыл-Бел участкасында. Баткен районунун Жаңы-Бак-Мадыген жолунда.

Аталган негизги санитардык-карантиндик посттордон жана ички санитардык көзөмөл пункттарында жарандардын өтүүсүнө чектөө киргизилген. Ал эми азык-түлүк ташыган унаалар дыкат текшерилип, залалсыздандырылып өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий