• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде 41 жаштагы жаран баңгизат сактоого шектелип кармалды. Анын жанынан 1,9 кг нашаа табылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай шаарында 41 жаштагы жаран баңгизат сактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Аталган кызматтан маалымдашкандай, Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сактаган жарандарды аныктоо жана алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктаган.

"Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 268-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу, мыйзамсыз даярдоо") боюнча каттоого алынган. Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 41 жаштагы У.З. аттуу жаран кармалган. Текшерүү учурунда анын жанынан кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып, алынган", - деп билдирет Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, ал зат Афганистанда өндүрүлгөн 1 килограмм 938 грамм салмактагы "нашаа" баңгизаты болуп чыккан.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий