• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде 5 күндөн бери жер көчкүнүн кесепети жоюлууда

Аймак 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Баткен облусунун Сай айылында беш күндөн бери жергиликтүү жашоочуларды суусуз калтырган жер көчкүнүн кесепети жоюлууда.

КР ӨКМ билдиргендей, 2018-жылдын 18-апрель күнү саат 23:20 чамасында Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан көлөмү 45000 м3 жер көчкү түшкөн. Натыйжада жер көчкү Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын 130 метр аралыгын, тоонун башында жайгашкан Мегаком, Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу ички чарбалык жолдун 150 метр аралыгын жана 7 га айдоо жерди басып калган.

Жолду тазалоо үчүн айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч жана №2 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.

22-апрель күнү тартылган күчтөрдүн жардамында Мегаком жана Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу ички чарбалык жолдун 40 метр аралыгы тазаланды, (жалпы 70 метр ички чарбалык жол тазаланган). Мындан сырткары сугат суу менен камсыз кылуучу каналды калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлгөн. Ошондой эле КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 1800 л күйүүчү май бөлүнүп берилген. Иш-чаралар бүгүн, 23-апрелде уланууда.

Пикир

Оставить комментарий