• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде 6 миңдей адам катышкан ишембилик болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Күн мурун Баткен облусунун аймагында "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн" алкагында 6 миңдей адам катышкан ишембилик өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ишембиликке активдүү студенттер, жаштар, жергиликтүү тургундар, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар көчө, дарыя, арыктардын жээгиндеги таштандылардан тазалашты. Ошондой эле, катышуучулар жергиликтүү тургундарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий