• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде 6 тонна жер жаңгакты өлкөгө киргизүүгө аракет жасаган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Баткенде Кыргызстандын аймагына 6 тонна жер жаңгак киргизүүгө аракет жасаган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 26-июнь күнү “Баткен” бажысында “Даф” үлгүсүндөгү унааны башкарган Р.М., аттуу жаран Евразиялык экономикалык бирикмесинин аймагына товарларды мыйзамсыз киргизүүгө аракет жасаган.

Унаасын текшерүүдө жалпы көлөмү 6154 кг түзгөн тазаланбаган жер жаңгак табылган.

Айдоочу товарын ЕАЭБдин аймагына киргизүү үчүн тиешелүү документтерин көрсөтө алган эмес. Товардын жалпы баасы 553 миң 860 сомду түзгөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, баардык чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий