• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде 7 млн сомдук заманбап мечит, окуу борбору жана ФАП ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.06.23 /Кабар/. Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына фельдшердик пункт, жаштар окуу борбору жана айылдагы мечит имараты курулуп бүтүп, ачылуу аземи болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Социалдык обьекттердин курулушуна кеткен 7 млн 300 миң сомду толугу менен “Ассанабил” кайрымдуулук фонду каржылаган.

Объекттерди ишке берүү аземине “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун президентинин орун басары Недал Кундиль, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов, Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид Юнусов, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү тургундар катышты.

Пикир

Оставить комментарий