• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде 8 айдын ичинде 17 өзгөчө кырдаал катталган

Аймак 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрилиги тарабынан 2018-жылдын 5-сентябрнан 5-октябрь аралыгында өлкө аймагында "кырсыктардын тобокелин азайтуу" боюнча бир айлыгын өткөрүү белгиленип жатат.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен КР өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 225-токтомунун негизинде Кыргыз Республикасында жыл сайын 5-октябрда табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу күнү деп жарыяланган.

Буга байланыштуу КРнын Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги жана КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргеликте, Баткен облусунун аймагында “кырсыктардын тобокелин азайтуу” боюнча иш чара өткөрүп, ага ӨКМнын статс катчысы Азамат Мамбетов, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров жана ӨКМдин кызматкерлери, студенттер, окуучулар катышты.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 8 ай ичинде облустун аймагында 17 өзгөчө кырдаал катталган.

Алар 1 жер көчкү, 14 сел жүрүү, 1 дарыядан суунун деңгээлинин көтөрүүлүсү, 1 өрт катталып, чагылгандан 1 адам, сууга чөгүп 9 адам, автокырсыктан 1 адам каза каза болгон. Материалдык чыгым 189 млн 587 миң 512 сомду түзгөн.

Өткөн жылга салыштырмалуу 2017-жыл ичинде 12 өзгөчө кырдаал катталса быйылкы 2018-жылдын 8 ай ичинде 17 өзгөчө кырдаал катталып 5 өзгөчө кырдаалга көп катталганын белгилеп.

Бул бир айлыктын алкагында Баткен облусунда, өзгөчө кырдаалдарда өзүн-өзү сактоо жана өзгөчө кырдаалдар коркунучу жөнүндө маалымдуулугун жана билимин, сактануу ыкмаларын жогорулатуу боюнча, жер-жерлерде комплекстүү иш-чаралар ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий