• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде 9 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Руслан Рашид уулу изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Баткенде 9 айдан бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Руслан Рашид уулу изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы Бужум айылынын 47 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын 29-апрелинде 1995-жылы туулган Руслан аттуу уулу өзү жашаган үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегендигин билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган.

Белгилери: бою 165-170см, арык чырай, көзү кара, чачы күрөң түстө, психикалык жактан жабыркабайт.

Милициядан белгилешкендей, Русландын үйдөн кандай кийим кийип кеткендиги белгисиз.

“Эгерде Руслан Рашид уулун көрүп билгендер болсо Баткен РИИБне кабарлап коюңуздарды суранабыз. Байланыш номерлер:(03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий