• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде аэропорт ачылды

Коом 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Баткендин аэропорту кайра калыбына келтирилди. Эл аралык аэропорттун 17-июндан тартып ишке киргенин “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

“Манас” эл аралык аэропортунун директору Талант Ысаков билдиргендей, 2016-жылы аталган аэропортту кеңейтүү боюнча долбоор иштелип чыккан. Ал эми оңдоо иштери 2017-жылдын январь айында башталып, май аыйнда соңуна чыккан.

Талант Ысаковдун айтымында, аэропорттун аймагы 150 чарчы метрге кеңейип, жалпы 550 чарчы метрди түздү. Оңдоп-түзөө иштеринен кийин, жүктү өткөрүүчү сызма орнотулган. Мындан тышкары, күтүү жана текшерүү залы чоңойтулуп, эне-бала бөлмөсү ачылган.

Эскерте кетсек, Баткен аэропорту 1958-жылдан бери иштеп, аэровокзал 1967-жылы курулган. Акыркы капиталдык оңдоп түзөөлөр 1986-жылы жүргүзүлгөн.

Бишкек-Баткен-Бишкек каттамы боюнча учактар жай мезгилинде жумасына 4 жолу каттаса, күз, кыш мезгилдеринде бир аптада 3 ирет учат.

Аталган аэропорттон 2015-жылы 23023, ал эми 2016-жылы 22451 жүргүнчү учкан.

Пикир

Оставить комментарий