• 86.25
  • 93.02
  • 1.21

Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү – сүрөт

1559 кароо Аймак 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Баткендеги "Айгүл-Таш" мамлекеттик ботаникалык коругундагы Айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. Он экинчи апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага гана созулат.

Белгилей кетсек, "Айгүл-Таш" мамлекеттик коругунун аянты 253,9 гектарды түзөт. Ал жерде аты аталган, дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү өсөт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийинчерээк 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий