• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенде айымдар ишкердикти өнүктүрүү максаттарын талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Баткенде айымдар ишкердикти өнүктүрүү максаттарын талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Исфана шаарында 200, Сүлүктү шаарында 100гө жакын айымдардын катышуусунда “Өз ара жардамдашуу” мезгили аталышында конференция болуп өттү.

Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова катышып, айымдардын, өзгөчө үй кожойкелеринин жашоо шартын жакшыртуу максаттары, заман талабына жараша кирешелүү жумуш менен алек болуусу, максаттарын ишке ашыруу менен, аны өнүктүрүү жаатындагы ойлору, сунуш пикирлери менен бөлүшүп, кеңири баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Иш-чаранын максаты аялдардын ишкердигин илгерилетүү, аялдардын экономикалык деңгээлин, ошондой эле алардын руханий, инсандык, кесиптик өнүгүүсүн жогорулатуу болуп саналат. Ишкер аялдардын потенциалын жогорулатуу үчүн аянтчаны колдонуу, ошондой эле тажрыйба алмашуу болду.

Конференциянын жүрүшүндө биогумус өндүргөн агроном Райхан Салиеванын тажрыйбасы үлгү катары көрсөтүлүп, катышуучуларга органикалык биогумус өндүрүүнүн жол жобосу түшүндүрүлдү. Ошондой эле аймакты органикалык бренд облуска айлантыруу максатында, ар бир үйдө сөөлжан багуу жана органикалык жер семирткичти өндүрүү максатталды.

Ошондой эле ишкердикти баштоо, аны өнүктүрүү жолдору жөнүндө кеңештер айтылды.

Конференциянын алкагында, «Керемет жашоонун сырлары» аталышында тренинг өтүп, анда кыялдарды ишке ашыруунун сырлары тууралуу айтылып, айымдардын ишкердик, экономикалык, саясий, лидерлик жөндөмдөрүн арттырууга багытталган мастер класстар өткөрүлдү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулган «Керемет жашоонун сырлары» кербени, алдыда облустун бардык район шаарларында өткөрүлөөрү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий