• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткенде айымдарды 8-март майрамы менен куттукташты

Аймак 0

Ош, 7-март /Ерлан Тургунбаев - Кабар/. Баткен облустук драма театрында Эл аралык аялдар күнү менен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкер айымдарын куттукташты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоо аземин Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү Абиш Халмурзаев ачып, Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүндө аялдардын зор эмгеги бар экендигин белгиледи. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн концерттик программа даярдалып, ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Майрамдык иш-чарага билим берүү, медицина, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана социалдык маанилүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий