• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде ак калпак күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Баткен облусунда ак калпак күнү белгиленди. Майрамдык иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү Абиш Халмурзаев жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаштар жана студенттер катышты.

Эскерте кетсек, ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, сегиз жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий