• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткенде акыркы аптада 35 айдоочу документи жок рулга отургандыгы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Баткенде акыркы аптада 35 айдоочу документи жок рулга отургандыгы аныкталды, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облустун аймагында жол кайгуул кызматкерлери жол эрежелерин сактоо, жол кырсыктарынынын алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин ар бир аймактарда үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

2021-жылдын 15-февралынан 21-февралына чейинки аралыкта Бузуулар кодексинин негизинде 910 протокол түзүлүп, алардын ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар - 242, тиешелүү документи жок унаа башкарган айдоочулар - 35, мас абалында унаа башкарган айдоочулар - 44, терезесин караңгылаткандар - 5, убактылуу короого токтотулган унаалар 87.

Пикир

Оставить комментарий