• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде Акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматында өтөт

Аймак 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Баткен облусунда мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн Акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматында өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык оперативдүү штабы жана Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, 2021-жылдын 25-май күнү Акыркы коңгуроо салтанатын онлайн форматта өткөрүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле окуучулар арасында бүтүрүү кечелерин, 10-20-30-40 жылдык юбилейлик мааракелерди чектөө сунушталган.

Бул боюнча өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругу чыкты. Ага ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Баткен облусунун аймагындагы бүтүрүүчүлөрдүн жана коомчулуктун саламаттыгы үчүн 25-май күнү Акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматында өткөрүлөт.

Ал күндөрү коомдук саясий абалды көзөмөлдөө, окуучулар, бүтүрүүчүлөр арасында тартип бузууларды болтурбоону камсыз кылуу жагы облустун ички иштер башкармалыгына милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, окуу жылынын аяктаганына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу чыккан. Аталган буйрукта пандемияга байланыштуу билим берүү уюмдарында, бүтүрүүчүлөргө арналган ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгы белгиленген.

“Бүтүрүүчү - 2021” онлайн иш-чарасы ЭлТР жана “Илим - билим” каналы аркылуу 25-май күнү саат 10:00дө өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий