• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенде “Алтын түйүн” улуттук балдар академиясынын филиалы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын аймактык филиалдарын ачуу боюнча тапшырмасына ылайык, 21-июнда Баткен облусунун Бужум айылында филиалдын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Билим берүү министрлигинен билдиргендей, “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалы окуучулар арасында техникалык билимди жана чыгармачылыкты жайылтуу, билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү максатында ачылды.

Салтанатка аталган академиянын директору Жаркын Бапанова, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен РИИБнин башчысы Алмазбек Шагамурзаев, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Мисиралиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Учкунбек Жоробаев жергиликтүү тургундардын атынан КР президентине, Билим берүү жана илим министрлигине, Азия өнүктүрүү банкына жана "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясына ыраазычылык билдирип, филиалдын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү убадалады.

Эскерте кетсек, кечээ ушундай эле академиянын филиалы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дагы ачылган.

Пикир

Оставить комментарий