• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткенде Апрель революциясына арналган митинг-реквием өттү

Аймак 0

Ош, 10-апрель /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Баткен облустук драма театрында 7-апрелдеги элдик революцияда курман болгондорду эскерген митинг-реквием өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, Баткен районунун акими Кеңеш Салихов, шаар мэри Мамыржан Рахимов, облустук мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери жана жергиликтүү эл катышты.

Салтанатта А.Халмурзаев бийлик элге таандык экендигин жана 7 жылда калктын кызыкчылыгындагы кеңири иштер жасалгандыгын белгиледи. Элдик революцияга Баткен облусунан 20 жакын атуул катышып, анын ичинен 4 курман болгон.

Пикир

Оставить комментарий