• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде арыктын түтүгүнө кыпчылып калган 2-2,5 жаштагы бала табылды. Милиция ата-энесин табууда жардам сурайт (Сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 12.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Бүгүн, 12-сентябрда болжол менен саат 14:30 чамасында Баткен шаарынын Разаков көчөсүндөгү арыктын түтүкчөсүнө кыпчылып калган бала табылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бала болжол менен 2-2,5 жашта.

“Баланы милиция кызматкерлери таап алышкан. Учурда анын өздүгү тактала элек”,-деп айтылат маалыматта.

Баткен ШИИБи баланын ата-энеси же жакын туугандарын табууда жарандардан жардам сурайт.

Эгерде сүрөттө көрүп турган бала тууралуу маалымат билгендер болсо, тез аранын ичинде “102” кыска номерине же 0770 059-074 номерине чалып кабарласаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий