• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде арыктын түтүкчөсүнө тыгылып калган баланын туугандары табылды

Аймак 0

Бишкек, 13.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Баткен шаарынын Разаков көчөсүндөгү арыктын түтүкчөсүнө тыгылып калган баланын туугандары табылып, чоң энесине өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Баткен облустук ИИБнин маалымат-катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка ылайык, баланын ата-энеси Россияда эмгектенишет.

“Ата-энеси баланы чоң энесине таштап кетишкен. 2,5 жаштагы Нурислам көчөгө ойноп чыгып, үйүнөн бир нече чакырым алыс кетип калган. Нурислам жакшы сүйлөй албагандыктан жашаган дарегин айтып бере алган эмес. Кечке жакын баланын чоң энеси табылды”,-деди Юсупова.

Эске сала кетсек, кечээ, 12-сентябрда Баткен ОИИБси болжол менен саат 14:30 чамасында Баткен шаарынын Разаков көчөсүндөгү арыктын түтүкчөсүнө тыгылып калган бала табылгандыгы тууралуу маалымат тараткан болчу.

Пикир

Оставить комментарий