• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде аскер кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйдүн курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Баткен шаарында аскер кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйдүн курулушунан кабар алды. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Үч кабаттуу, 90 батирлүү үйдө жашоо үчүн керек болгон бардык шарттары бар. Заман талабына жараша, сапаттуу бүткөрүлгөн турак үйдүн алдына балдар аянтчасы да курулган.

Мамлекеттин эсебинен курулуп жаткан бул үйдүн курулушу учурда 95% аяктап, айланасын жашылдандыруу жумуштары жүрүүдө. Көп кабаттуу турак үй Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын аймагына 7,5 гектар жер аянтына курулду.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Замирбек Мийзияевдин айтымында, бул турак үйгө жакынкы аралыкта Баткен облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин үй бүлөлөрү жайгаштырылат.

Мындан сырткары учурда Исфана шаарында да аскер кызматкерлери үчүн 20 батирлүү турак үйдүн курулушу аяктады.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Лейлек районунда аскер кызматкерлери үчүн 16 батирлүү турак үй пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий