• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын базасы такталууда

Аймак 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Баткенде ата энеси миграцияда жүргөн балдардын базасы такталууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда жергиликтүү бийлик, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган комиссия, үймө-үй кыдырууларды жүргүзүп, социалдык көйгөйлөргө дуушар болгон учурларды аныктоо иш чарасын жүргүзүүдө.

Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин, зордук-зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында ата-эненин камкордугусуз калган, ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын балдарын тактоо иштери жүрүп жатат.

Үймө-үй кыдыруу иштеринин жыйынтыгы менен миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдүн, ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жана балдардын, зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны такталып, тобокел топко кирген үй бүлөлөр адистердин көзөмөлүнө алынат.

Белгилей кетсек, Кадамжай районунда 2019-жылда ата энеси миграцияда жүргөн балдардын саны 7435 болгон болсо, 2020-жылдын жыйынтыгы менен 5047 баланын ата энеси миграцияда экени аныкталды.

Үймө-үй кыдыруу өнөктүгү облустун бардык район шаарларында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий