• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде аткезчилер кармалды

Аймак 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Кабар/. Баткен облусунда чек арачылар мыйзамсыз тамеки алып өтүп бараткан аткезчилерди кармады. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арадагы мыйзам бузуулар менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусундагы “Кара-Бак” айылындагы “Түштүк” чек арасында кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 308” үлгүсүндөгү унааны тинтүү маалында эч кандай уруксаат кагазы жок, 20 коробка “Marlboro” тамекиси табылган. Аталган товар Тажикстандан алынып келе жатканы белгилүү болду.

Унаадагы товардын жалпы суммасы 600 000 сомду түзөт. Унаа кайтаруучу жайга токтотулуп, материалдар Ош облусттук прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий