• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде аткезчилик менен пияз алып бара жаткандар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Баткен облусунда бажы кызматкерлери пиязды аткезчилик жолу менен өткөрүп келгендерди кармашты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, иш-чара Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөнүн чек арасында мыйзамсыз өткөн товарларды текшерүү максатында жүргүзүлгөн. Аткезчилик Баткен облусундагы Көк-Таш айылында орун алган “Баткен” чек арасында кармалган. Анда «DAF FT95 ХА 480» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Б.Т, Кыргызстандын мамлекеттик номериндеги унаасы менен мыйзамсыз коңшу Тажикстандан пияз жүктөп келатканы аныкталган.

Унаага кошулган прицепте эч кандай уруксат кагазы жок, 20 020 кг пияз табылган.

Бул боюнча кылмыш иши ачылып, 76 138,06 сом өлчөмүндө чыгым төлөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий