• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде аткезчилик менен ташылып келе жаткан 6 тонна күрүч аныкталды

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Баткенде бажы кызматкерлери жалпы салмагы дээрлик 6 тоннаны түзгөн аткезчилик күрүчтү аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай шаарында Евразия экономикалык биримдигинин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо иш-чарасынын жүрүшүндө "Баткен" бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан КР жараны В.И.А. (баш тамгалары өзгөртүлгөн) башкаруусундагы Mercedes-Benz 1317 үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

Бажылык текшерүү жүргүзүүдө унаанын жүк бөлүгүнөн Өзбекстанда өндүрүлгөн "лазер" күрүчү табылган. Товарда бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Кармалган жүктүн жалпы салмагы 5800 кг түзөт.

Бул факты каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий