• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде аткезчилик менен ташылып келген Lexus GX 470 жана Opel Astra кармалды

Коом 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөрүлгөн унаалар аныкталды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттик номуру жана документтери жок Lexus GX 470 жана Opel Astra үлгүсүндөгү автоунаалар кармалган.

"Lexus GX 470 жана Opel Astra үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, унаалар коңшу мамлекеттин жарандарынан акча карызына байланыштуу алынган", - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, бул фактылар автотранспорттук ткезчиликке шектелип, автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталды.

Учурда материалдарды кароо уланууда.

Пикир

Оставить комментарий