• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан жүк кармалды

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Баткен облусунда чек арачылары тарабынан аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-декабрь күнү Баткен районундагы Көчө-Бою деген жерде "MAN" үлгүсүндөгү унаада өткөрмө пункттан тышкары 3,5 тонна кургатылган жемишти алып бара жаткан КРнын 32 жаштагы жараны кармалган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал жаран жана анын жүгү Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий