• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде аткезчилик жол менен кондиционер алып келген өзбек жарандары кармалды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.19. /Кабар/. Баткен облусунда кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз өтүп, Кыргызстанга аткезчилик менен кондиционер алып келген өзбек жарандары кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4 өзбек жараны кечээ, 29-мартта кармалган. Алар 12 даана кондиционер жана 1 кап конфет ала келе жатышкан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Тиешелүү материалдар жыйналып, мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Ал эми, кармалган өзбек жарандары убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий