• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан 2,3 млн сомдук күрүч кармалды

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан күрүч кармалды. Бул тууралуу Оперативдүү бажынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө Оперативдүү бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунда КР жараны «А. у М.» башкаруусунда «DAF» үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулган.

Транспорт каражатын кароодо салмагы 23 миң кг, ал эми наркы 2 млн 300 миң сомду түзгөн “лазер” ак күрүчү табылган. Товар Кыргызстанга чектеш мамлекеттен ЕАЭБдин мыйзамдарын бузуу менен ташылып келе жаткан.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке жалпы суммасы 539 350 сомду түзгөн материалдык зыяндын орду толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий