• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 1 млн сомдук кеңсе товарлары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 1 млн сомдук кеңсе товарлары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Төрт-Гүл» мобилдик постунда Н.Б.Н аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда Беларуста өндүрүлгөн жазуусу менен 150 миң даана дептер табылган. Товардын жалпы салмагы 4100 кг, ал эми орточо базар баасы 1 млн 50 миң сомду түзгөн.

Жүк КР аймагында андан ары сатуу үчүн бажыга байланыштуу ташуу документтери жок болгон.

Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте андан ары кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий