• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 12 тоннадан ашык мандарин кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 12 тоннадан ашык мандарин кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун Ж.Э.М., А.М.Р., М.Ш.А жана М.М.Д. аттуу тургундарына таандык төрт "Мерседес Спринтер" унаасы кармалды.

Кармалган унааларды тинтүүдө коңшу мамлекеттен Кыргызстандын базарларына сатуу үчүн алынып келинген мандарин түрүндөгү контрабандалык жүктөр табылып алынды. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 12 тоннадан ашык болгон. Ал эми жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 1 млн сомдон ашык сумманы түзгөн.

Коштоочу документтердин жоктугунан товарларды кармоо боюнча протоколдор түзүлүп, кармалган товарлардын базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө үчүн унаалар «Баткен» бажы терминалына киргизилди.

КР УКМК аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча күчөтүлгөн түрдө тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий