• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 4 млн сомдук тиричилик буюмдары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 4 млн сомдук идиш-аяктар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Көк-Талаа” көзөмөл пунктунда “VolvoPH12” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан ар кандай тиричилик буюмдары (шыпыргы, чоюн казан жана идиш-аяктар) табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 4 млн сомдон ашуун.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндрүш иши жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий