• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.02.18 /Кабар/. КРнын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов Баткен облусуна иш сапары менен келип, тийиштүү кызматтын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев да катышып, облустун аймагындагы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү аракеттеринин жыйынтыктары боюнча маалымат алышты.

Жыйын үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында коюлган тапшырмалар жана кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Максаты - Баткен облусунун аймагынан Тажикстанга жана үчүнчү мамлекеттерге аткезчилик жол менен өтүп жаткан күйүүчү жана майлоочу майларды аныктоо, ооздуктоо чараларын уюштуруу.

Замирбек Осмонов тийиштүү кызматтардын аймактагы өкүлдөрүнө кайрылып, өзгөчө Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Арка аймагына барып жаткан күйүүчү майлардын документтерин текшерүүнү, сатылганын, салыгы төлөнгөндүгүн иликтөөнүн үстүндө дыкат иштеп, комплекстүү жыйынтык бере турган иш чараларды жүргүзүүнү тапшырды.

Абиш Халмурзаев өз сөзүндө Эл аралык деңгээлдеги жолдорду курууга, республикалык бюджеттен өтө чоң каражаттар бөлүнүп жаткандыгын, бирок ошол эле учурда оор жүк ташуучу унаалар белгиленген нормадан ашыкча жүк ташып, жолдорубузду талкалап жаткандыгын белгиледи.

Жыйын соңунда аткезчиликке бөгөт коюу боюнча катуу чараларды кыска мөөнөттүн ичинде көрүп, иш алып баруу тапшырмалары коюлду.

Пикир

Оставить комментарий