• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде аткезчиликке каршы күрөшүү штабы бир жума аралыгында 40 тоннадай жүзүмдү аныктады

Аймак 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Баткенде аткезчиликке каршы күрөшүү штабы бир жума аралыгында 40 тоннадай жүзүмдү аныктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-октябрда аткезчиликке каршы күрөшүү штабы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө атайын көзөмөл-өткөрүү бекеттер жана күч органдарынын биргеликте түзүлгөн мобилдик топтору жана элдик кошуундун өкүлдөрү аткезчиликке каршы күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүлүүдө.

Ошол эле күнү “Кольцо” убактылуу постунда “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү беш жүк ташуучу унаасы токтотулуп текшерүү учурунда Тажикстандан аткезчилик жолу менен чыгарылган 14 миң кг жүзүм кармалып, Баткен бажысынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ал эми 6-октябрда Баткен районунун Жаңы-Бак участкасында элдик кошуундун мүчөлөрү тарабынан жүк ташуучу жети спринтер унаасы кармалган. Алар Тажикстандан жүзүм алып чыгып келе жаткандыгы аныкталган. Жүктүн жалпы салмагы 22 миң кг болгон. Кармалган жүк ташуучу унаалар Баткен бажысынын терминалына киргизилип, “маалыматтарды каттоо” журналына катталды.

8-октябрь саат 22:10 чамасында чек арадан мыйзамсыз өткөн, дагы бир аткезчилик жүк кармалды. Лейлек районунун тургуну Н.Салимов “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унаа менен Тажикстандан жүзүм алып чыгып, Баткен районунун Жаңы-Жер айылында кармалган. Текшерүүнүн натыйжасында жүктү тастыктоочу тиешелүү документтери болгон эмес. 3 тоннага жакын жүзүмдү аткезчилик жол менен алып бара жаткан жаранды бажы кызматы жана УКМКнын Баткендеги башкармалыгынын атайын кызматкерлери биргеликте кармашкан.

Ушул эле күнү Баткен облустук милициясынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын аймагына Тажикстандан аткезчилик жол менен кургатылган мөмө жемиш, күрүч ташып бара жаткан оор жүк ташуучу автоунаалар кармалган.

Аталган материал Жазык кодексинин 223-беренеси (“экономикалык контрабанда”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Лейлек районунун Булак-Башы айылынан Бешкент айыл аймагына кеткен айланма жолдон Кулуңду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерген учурда эч кандай документи жок 330 кутучага лимон жүктөп бара жаткандыгы белгилүү болду.

Аталган факты Лейлек райондук милициясы тарабынан катталып, чогултулган материал бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

9-октябрда Чек ара кызматы тарабынан Баткен районунун Дөбө айылынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүү учурунда 1300 кг жүзүм аныкталып, Баткен бажысынын терминалына өткөрүлүп берилген.

11-октябрь күнү таңкы саат 6:10дор чамасында Лейлек районунун Сада жерлигинен Чек ара кызматы тарабынан “жигули” унаасы токтотулуп, текшерген учурда 6 куту жүзүм алып бара жаткандыгы аныкталды.

Учурда аткезчилик жолу менен ташылып бара жатып кармалган жүктөр боюнча тиешелүү күч органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Облус аймагында аткезчиликке бөгөт кою иш аракеттери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасынын негизинде 5-октябрдан тарта Баткен облусунун аймагында үч атайын көзөмөл-өткөрүү пунктар коюлуп, тиешелүү күч органдарынын өкүлдөрү биргеликте иш жүргүзүп жатат. Кошумча мобилдик топтор да иш жүргүзүүдө. Мындан ары атайын көзөмөлдөп өткөрүүчү пункттарда тиешелүү мамлекеттик күч түзүмдөрү менен биргеликте элдик кошуунда аткезчиликке каршы күрөшүүдө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий