• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жашаган 25 батирлүү үйдүн жашоочуларынан кабар алып, азык-түлүктөрдү тапшырды.

Абиш Халмурзаев өз сөзүндө жашоочуларды ынтымактуу болууга чакырып, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн мамлекет болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, каржы булактарын издеп, алардын жашоо шартын жакшыртууга ар дайым көңүл бураарын билдирди.

Белгилей кетсек 2018-жылы Араб мамлекеттеринин колдоосу менен Кызыл-Кыя шаарында аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелүү, турак жайы жок 25 үй-бүлөгө үй курулуп, пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий