• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде баасы 1 млн сомдон ашуун аткезчилик жолу менен ташылып келген товар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Баткен облусунда Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 1 млн 182 миң 240 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен облусунан А. уулу У. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “VOLVO FH13” үлгүсүндөгү унааны “KOGEL SN24» маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 18 156 кг болгон кургатылган өрүк, кургатылган ит мурун, компот аралаштырмасы жана тазаланбаган жер жаңгак табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий