• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде баасы 1 млн сомго жакын тамеки мыйзамсыз ташылып келаткандыгы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан баасы 1 млн сомго жакын тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунда М.Э.Р. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Chevrolen Сaptiva” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүн жана салонун текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан “Cavalo” маркасындагы чыпкалуу 12 480 таңгак тамеки табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 998 400 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий