• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде баасы 2 млн сомго жакын аткезчилик жол менен ташылып келген товар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Баткенде баасы 2 млн сомго жакын аткезчилик жол менен ташылып келинген товарлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын кызматкерлери Баткен шаарында А.С.Ш. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “ХОВО” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен. Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 152 даана, 300, 500, 1000 жана 2000 литр көлөмдөгү желим идиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1001000 сомду түзөт.

Ошондой эле, Баткен шаарында А.Р.А аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-Спринтер” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 2960 литр “Ravenol 10w-40” үлгүсүндөгү мотор майлары табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 888000 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий