• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде баасы 800 миң сомго жакын аткезчилик жүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.07.22. /Кабар/. УКМК Кыргызстандын аймагында контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө аткезчилик жүк менен бара жаткан унааны кармаган.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 20-июнунда УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен районунун аймагында баасы 800 миң сомго жакын болгон Тажикстанда чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк менен Тажикстандан келе жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш ишинин материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту ("Экономикалык контрабанда") боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары башталды.

Пикир

Оставить комментарий