• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде мектеп окуучулары үчүн “Балаты-2021” жаңы жылдык майрамы өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн мектеп окуучулары үчүн “Балаты-2021” жаңы жылдык майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Балаты-2021” майрамына өкүлдүн орун басары Айнагүл Мурзаева катышып, балдарды облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин атынан Жаңы жылы менен куттуктады. Жаңы жылдык балатыга облустун район, шаарларынан келген окуунун мыктылары, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары жана ата-энесинен ажыраган балдар ошондой эле чек ара кызматкерлеринин балдары катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Айнагүл Мурзаева өз сөзүндө балдарга бекем ден соолук, окууларына ийгилик каалоо менен бирге, жаш жеткинчектердин акылдуу, чынчыл, адептүү, билимдүү жана мекенчил болуусуна тилектештигин билдирди.

Балдарга Баткен облустук “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын чыгармачыл тобу жаңы жылдык жомок коюу менен майрамдык маанай тартуулашты.

Соңунда балдарга облус башчысынын жаны жылдык белектери тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий